«- Моцарт, ты не единственный композитор в Вене! - Нет! Но, я самый лучший!» «Амад...
Тыныштықбек Әбдікәкімұлының қырғыз тіліндегі жұпарлы жырлары
Тыныштықбек Абдикаким уулу
Ашыктык
Ашыктык ал – көздөр нуру өбүшкөн,
Гүл жаратуу – Сөздөгү кош жыпардан.
Ашыктык ал - даарып жүргөн тирликке
Тынчтык болуп тийишкен…
Эсимде шамал үнү жерде дагы сакталган
Ашыктыкты
Таба албайсың тактасаң,
Ашыктык ал – Периштени көргөнүң
алтымыш эки тамырдагы көп-көк кан!..
Ашыктык ал – тирлик издөө таштан да.
Тик тургандай төбө чачың шашканда,
Ашыктык ал – түшүнүксүз түшүнүк.
Башың – Жерде,
Жүрөгүң ал – Асманда!..
Ашыктык ал… окшош кубулуш бийге да.
Сезбесең, көңүлдөрүң кур кедей…
Ашыктык ал – Жарык Дүйнөнү Башыңа көтөрүп,
Калт-култ этү күмөн санап учундагы ийнедей…
Ал сезимди мүмкүн эмес негиздөө.
Ал сезимди мүмкүн эмес деңиз деп.
Ашыктын ал эссиздиктин ичинде
Кудайдан да бир тышкары жол издеп…
*** *** *** *** *** *** *** ***
Э-ээ…Махабат дейсиңби?
Аңыз,жомок, баары – чын…
Махабат – өмүр менен жарыш, ажал менен келишим.
Шайтандын сүтүн да саап ичип,
Киши да өлтүрөсүң ал үчүн.
Ал – тар, кыска,кең,узун…
Баардык сезимдердин негизи.
Сулуулуктун Апасы да –
- Ал…
Теңир Үнүнө эгиз Үн!..
Ал куйуп берген жап-жарык жасалгалуу шер – ичинде.
Мейли келиш-келишпе.
Махабат үчүн башыңа күн көтөрүп жүргөнүңдө,
Колуңа суу куйууга жарабайт миң…периште.
Махабат, ал – угулбаган түшүнүк,түшүндүңбү?
Өлтүрөда албайсың.
Ала да албайсың туткунга.
Анын алдында – өз көз жашыңан ууланып өлгөн,
Далай бийлөөчү мыктың да.
Махабатта – түк да жок, Ар-уят да…эч нерсе.
Ага баары бир, таң эртеби, кечпи.
Эссиздиктин нуру ошондой тап-таза!
Белгисиз…
Ааламда сүзүп жүргөн бош кеме…
Бирок,бошту «бош» дебе…
Оттой берет мораль менен дини сын.
Махабат кана дарытар жыпар дил ичин…
Аны менен аңкылдап жакындаша алсаң, - жакындаштың.
Жакындаша албасаң, - куруйсуң!
*********
Шайтаным да – ичимде.
Кудайым да.
Эрмегим да
Эл үчүн убайым да.
Жиндерим да.
Доорду сүргөн ырларым да!
Жаңжалдаша кетемин керегинде…
Олуя да – ичимде.
Момунум да.
Жалганым да.
Чыным да.
Үрөйүм да.
Жып-жылаңач кыздар да!
Даанышман да!
Алар да керек ар үчүн алышканда!..
Баары – ичимде!
Колу кан каракчы да.
От менен суу да.
Малай да.
Аракчы да.
Күн менен ай да.
Чеги жок мейкиндик да!..
Мээ өрттөнүп баратат Жан учунда!..
Эч көмөк жок жоомдон, жакынымдан.
Саясаттан,намаздан,сыйынуудан.
Жалган дүнүйөгө кайрылып тиштеп күлүп,
Баардык Оюмду зарга эзип ичкен күнү,
Кутулсам экен чирки ай, Акылыман!..
********
Мен күн сайын
Ойгонгондо,
Ачпай туруп көзүмдү,
Нурлуу бала сеземин өзүмдү,
Уйку нурларынан жаралган.
Санамда ойноп жүрө берет сан арман!
Көзүмдү ачсам ач ит көрөм…пендечилик тирликти.
Огум жок ай атарга!..
Бир алжыган чал сеземин өзүмдү,
Кечинде кайра уйкуга жатарда.
Жагдайым ушундай…
Иттиктен тирлик да – бир илим?
Бүгүн дагы көзүмдү ачаар-ачпастан,
Эстеп жатам ырларын. Ушул бирөө шору болду чекемдин!
Ай, акеңдин!..
Чал менен кыз
Жап-жаш сулуу ургачы кылчактаган,
Ашык болуп калардай жылан да ага!
О Сулуулук, адамга түбөлүк мактан!..
Өтүп бара жатканда таңгы бактан.
Бактын ичи – мөп-мөлтүр сана тынган,
Орундуктун биринде чал отурган.
Касиети жетерлик бир башына,
Карай калды ажайып ургачыга.
Көзүндк анын бир көркөм сүйкүм тунган…
Ал кыз кетти, кылактап күлкүсүнөн.
Кайран жап-жаш эркектик кырчын кылык,
Тоскон топурак ичинде бир чыңырып!..
**************
Күздүн ушул мезгили… Күн кызарган!..
Жашы мөлт-мөлт көздөрү – Туз бир арман!..
Жанарыңдын жылуусун сагындым ай!..
Садага кетсин жүз бир бакчаң!
Күздүн ушул мезгили… боз бир чаңдан,
Бирөө чыгып келчүдөй булуттардан!..
Элимдин да шор башын жуткандай эй.
Кайран менин омурткам!..
Күздүн ушул мезгили…жин көчкөндөй.
Катаал экен го - Жалган дүйнөң!
Билгенимде минбейт элем!..
Күздүн ушул мезгили…
***
Кыздар ай
Күндүн өзү салган элжиреп,
Силер – бөбөк периштелеримсиздер көзү чоң.
Койнубузга жашырып алып өстүрсөк,
Былдырларыңдан сүйлөчүдөй жашыл чөп, ү-үу,
Кыздар ай!
Асман асты аяз өчүп көгүлтүр,
Өзүңөргө ынтыктырган өмүр бул.
Биздеги жылкы көңүл эринди,
Саамайларыңдан жыттап өлөр көрүндү,э-эй, Кыздар ай!
Көч үстүндө – кече,бүгүн,соңунда,
Теңир аңкып силердеги төштөрдөн.
Жан-дүйнөбүзгө мээрим нурдан чер төгүп,
Жараттыңар бизди түбөлүк кылып, о-ой,Кыздар ай!
Кыздар ай!..
*** *** *** *** *** *** *** *** *** *** ***
Уай,асман тектүү аңкылдак Казагым,
Аркалым,
Сен барда, түгөнбөс талканым.
Муңум да – Сендеги кайгынын баарын тарткан муң.
Арсыздансам,
Асыл сөздөрүңдөн эзилип – асылып калар арканым.
Кайгы болуптурбу өз кайгым,
Жансам, Сени менен жанамын.
Ыйласам,
Дартыма эм болсун – соро-соро көз майын.
Өзүңө деген ынтык сезимден тумчугуп кала жаздаймын.
Бирок, Сен,
Минтип бир болбос ит тирликте чуркап акча үчүн,
Минтип бир болбос бит тирлик да «бок» сасыр,
Боз Башың менен өзгөнүн ойлоп кайгысын,
Көз жашың менен сугарып жүрсөң бакчасын!
Ошондой болоор, ушул коомуңдун
Көктөм сыяктуу алоолонбогону жап-жашыл!..
Мүмкүн, Сен үчүн ал да – бөлөк сын?
Аңдап карасаңчы айланаң толду жолборс чын…
Баалоого лайык далай журт башыңа чыккысы келсе да,
Баардыгын балаңдай көрүп, бооруңа басып алексиң!
Өнөрлүм,
Мени бир өлтүрсө, өлтүрөт кеңешиң.
Ырыңдан өзгө бар дебе сенин?
Ар ырларым – жамандын өмүрүнө татырлык өлчөмүм.
Калемиңден өзгө бар – дебе сенин?
Калемим – бүктөмөлү тирегим!..
Андыктан,
Бир перзентинен байкап калсам үшкүр дем,
Оозумдан атылардай бул өпкөм!..
Кайран Казагым ай,
Мен үчүн,
Өзгөнүн алтын кенинен да артык – күл төкпө!
Өлбөсөңчү – деп, – шүгүрлүк ырымың,
Бузуктардын бузуп да берем мурунун!
Таанысаң тааны, тааныбасаң өзүң бил,
Бул уулуң –
Жан дүйнөсүндө ошондой кырсыгы бар жаралган.
Кубанганыңда – Теңиримсиң,
Кайгырганыңда – кулунум…
*** *** ***
Ушул Жарык Дүйнөдө мага – Казактын Жаны алды менен,
Казак тууралу – абага да айтар аңгемем.
О Дүйнөгө өтсөм да, андан ары кетсем да,
Казак болуп каламын түбөлүк мен!
Казагым – пенделикке периштедей караган,
Казагым – отуз эки омурткам, кырк кабыргам.
Карачы,
Аңкыган Жанын түгөтө жеш үчүн,
Ааламдын бүтүндөй ачкөздөрү жабылган!..
Тарыхы да – күнөөлү, кандуу чубалган.
Тилсиз,жерсиз,үйсүз,
Өз мекенинде каңгымасынчы касиеттүү Дубанам!
Күнгө жалбырып кол созгон тирүү Мунарам!
Кантейин,
Адамча ыйлап,айбанча гана соороном…
Чын айтам,
Ушул Жарык Дүйнөдө мага – Казактын Жаны, түбүндө.
Тирүү үмүттөрү жатат кебинде.
Сен ага жол бер ,ей Убакыт,
Келээрки келечегин да!..
☘️☘️☘️☘️☘️☘️☘️☘️☘️☘️☘️
Мен – Казак деген Элмин!
Теңирдин элчиси иретинде Бак Уулмун!
Ар сөзүмдө – Асман менен кеп кылышаар накыл миң!
Аягымды Гималайга тиреп,
Алтайды жастанып жатамын!..
Башым – Күн.
Ташкындаган Ойум – Күн нуру!
Мен сыяктуу олуя боло албайт,
Менменсип жүргөн элдин миң бири.
Бир түймөк ташым – өзгөнүн жүз коргонунан да кубаттуу!
Өзгөнүн токойунан да калың – бир түп жин илим!
Байлыгым бар – баарына теп-тегиз.
Кучагыма теңешер бейиш да жок түбү.
Аалам ичкен суу – адамзатты ойлогондогу көз жашым!
Аңкылдаган көңүлүм – аалам жутчудай от түбү!..
Арийне,
Эч ким мен тууралу дал ушундай дебес да.
Бирок,
Ушундай болгонумдун өзү – душмандарым үчүн да бакыт эмеспи
Перизат Алмазова